Алмазбек Бейшеналиев Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө медаль тапшырды

04.06.2022, 21:06 Акчабар
Алмазбек Бейшеналиев Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө медаль тапшырды

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев “Секторду өнүктүрүү программасы: билим берүү системасын чыңдоо” долбоорунун жыйынтыгын талкуулаган тегерек столдун жүрүшүндө Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө “Кызматташтык салымы үчүн” медалын тапшырды.

Медаль көп жылдык кызматташуу жана долбоорду ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн ыйгарылды.

Жолугушууга министрлер кабинетинин, Жогорку Кеңештин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын жана бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, аймактык усулдук борборлордун жетекчилери, 30 инновациялык мектептин директорлору, долбоордун консультанттары жана ММК өкүлдөрү катышты.

Азия өнүктүрүү банкы “Секторду өнүктүрүү: Билим берүү системасын чыңдоо” программасын ишке ашырууга 22 миллион доллар грант бөлгөн. Долбоор 2015-жылдын аягында башталып, 2022-жылдын июнь айында аяктайт.

Тэги: Минобразования АБР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу