“Азия Банктын” акционери капиталды көбөйтүү ниетин билдирди

22.03.2022, 09:10 Акчабар
“Азия Банктын” акционери капиталды көбөйтүү ниетин билдирди

Бүткүл аймактагы оор экономикалык кырдаалга карабастан, капиталдын агылып чыгуусу байкалып турганда, 23 жылдан бери Кыргызстандын экономикасына колдоо көрсөтүп, реинвестициялап келе жаткан ушундай инвесторлордун өлкөдө бар экендиги кубандырат.

Алсак, “Азия Банктын” негизги акционери өз кайрылуусунда дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуялардын улам Кыргызстандын экономикасы туш болгон кыйынчылыктарга токтолуп, өнөктөштөрдү “Азия Банкы” мындан ары да ырааттуу өнүгөт деп ишендирди.

Анын айтымында, терс көрүнүштөгү божомолдор, жаңылыктар жана окуялар Кыргызстандагы бардык уюмдарга таасирин тийгизүүдө.

“Кардарлардын финансылык активдерин башкаруу боюнча көптөгөн функцияларды аткарган финансылык институттар бардык заманбап коомдун экосистемасынын коштоочусу жана маанилүү компоненти катары эсептелет. Ар түрдүү кырдаалдардын себебинен келип чыккан кризис мезгилинде жана финансы рыногунун бардык чакырууларына карабастан коммерциялык банктардын негизги баалуулугу - үзгүлтүксүз жана сапаттуу кызмат көрсөтүү болуп саналат. Ар кандай катаклизмаларга карабастан биз Банктын кызмат көрсөтүүлөрүнүн ишенимдүүлүгүн жана ишине колдоо берүү мүмкүндүгүн баса белгилейбиз”,- деди банктын акционери Ли Жонг Бэк. 

Ал кошумчалагандай, «Азия Банкынын» командасы мыкты эксперттердин жетекчилигинде Кыргызстанга таасирин тийгизип өткөн көптөгөн кризистерди жеңип чыкты жана ар кандай өзгөчө кырдаалдарда кардарлардын капиталынын сакталышына жана кызмат көрсөтүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгүнө кепилдик берүү менен кардарлар үчүн өзүнүн баалуулуктарын сактап кала алды.

“Мен “Азия Банктын” мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө үчүн банктын акционердик капиталына инвестиция кылуу тууралуу ниетимди билдиргим келет”, - деди Ли Жонг Бэк.

Акционер ошондой эле жакынкы келечекте биздин өлкө  бардык кыйынчылыктарды ийгиликтүү жеңип, туруктуу өнүгүүнүн жаңы этабына чыгат деген ишенимин билдирди.

Тэги: Банк Азии акционер уставной капитал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу