Мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча негизги кредиторлор коммерциялык банктар

07.12.2021, 14:40 Акчабар
Мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча негизги кредиторлор коммерциялык банктар

Кыргызстандын коммерциялык банктары мамлекеттик казына векселдеринин негизги ээлери болуп саналат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Үчүнчү кварталдын жыйынтыгы боюнча банктарда баалуу кагаздардын бул түрүнүн жалпы эмиссиясынын 47,6 пайызы топтолгон. Ошону менен бирге, ушул жылдын июнь айына салыштырмалуу алар жайгаштырылган мамлекеттик векселдердин 23,3 пайызын гана түзү менен үлүшүн бир топ жогорулатты.

Ошол эле учурда институционалдык инвесторлордо мамлекеттик баалуу кагаздарга болгон кызыгуунун төмөндөшү байкалган. Сентябрь айынын аягында июнь айындагы 65,7 пайызга каршы мамлекеттик казына векселдеринин алар 42 пайызына гана ээ болгон.

Ал эми резидент-юридикалык жактардын үлүшү дээрлик өзгөрүүсүз калып, 10,4 пайызды түзгөн.

"Үчүнчү кварталда мурдагыдай эле мамлекеттик баалуу кагаздардын кыска мөөнөттүү сегменти 12 ай айлык мамлекеттик казына векселдери аркылуу гана берилген. Катышуучулардын активдүүлүгү экинчи кварталга салыштырмалуу бир аз жогорулады. Жандануу мамлекеттик векселдердин аукциондорунда суроо-талаптын жана сунуштун көлөмүнүн көбөйүшү менен мүнөздөлгөн", - деп түшүндүрөт Улуттук банк.

12 айлык баалуу кагаздардын сунушу биринчи жолу сентябрда 300 миллион сомго чейин жогорулаган. Көрсөткүч 2021-жылдын февралынан бери дээрлик өзгөрүүсүз. Ошол эле учурда август айындагы суроо-талаптын жана сатуунун көрсөткүчтөрү 2021-жылдын январынан берки эң жогорку көрсөткүч болуп саналат (июль-сентябрь айларында орточо суроо-талап апрель-июнь айларына караганда 4,8 эсеге, сунуш - 12,1 пайызга жогору болгон).

Тэги: внутренний долг Кыргызстан экономика бюджет деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу