ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары Кыргызстандын ЕЭКги жаңы мүчөлөрүнүн талапкерлигин жактырышты

03.05.2021, 09:50 Акчабар
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары Кыргызстандын ЕЭКги жаңы мүчөлөрүнүн талапкерлигин жактырышты

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясында Кыргызстандын жаңы мүчөлөрүнүн талапкерлигин жактырышты. Бул тууралуу 30-апрелде Казанда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында айтылганы ЕЭК сайтында маалымдалды.

Олег Панкратовдун ордуна ЕЭКтин Бажы кызматташтыгы министри кызматына Максат Мамыткановдун талапкерлиги колдоого алынды. Өз кезегинде Темирбек Асанбековдун талапкерлиги ЕЭК Энергетика жана инфраструктура министри кызматына Эмил Кайкиевдин ордуна жактырылды. Жакында алардын талапкерлиги Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке сунушталат.

Белгилей кетсек, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны ушул жылдын 19-августунда Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Тэги: экономика ЕЭК ЕАЭС Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу