Бүгүн транспорт салыгын төлөөнүн акыркы күнү

01.09.2021, 12:00 Акчабар
Бүгүн транспорт салыгын төлөөнүн акыркы күнү

Бүгүн транспорт салыгын төлөөнүн акыркы күнү. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматы билдирди. 

Ал эми 2-сентябрда турак жайлар менен батирлерге (ишкердик ишмердүүлүк үчүн колдонулбайт), ошондой эле жер салыгына (чектеш, чарбалык жана бакча жер тилкелери үчүн) салык төлөө мөөнөтү бүтөт.

 

Салык кызматы өз милдеттенмесин аткарууга үлгүрбөгөн транспорт каражаттарынын, турак жайдын жана жердин ээлерин салыктарды өз убагында төлөөгө чакырат.

Каражатты баардык банктардын кассаларында, почта бөлүмүндө, ошондой эле төлөм жана пос-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карттары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөсө болот.

Тэги: налог ГНС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу