Мамлекеттик салык кызматы күмөндүү акциздик маркалары бар 6 миң бөтөлкө спирт ичимдигин колго түшүрдү

23.04.2021, 13:00 Акчабар
Мамлекеттик салык кызматы күмөндүү акциздик маркалары бар 6 миң бөтөлкө спирт ичимдигин колго түшүрдү

Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаарындагы кызматкерлери күмөндүү акциздик маркалары бар 6000 бөтөлкө спирт ичимдигин табышты. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында маалымдалды.

Чүй облусунда жүргүзүлгөн рейд учурунда алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Кылмышкерлер Токмок шаарынын борбордук базарынан табылды.

Күмөндүү акциздик маркалары бар спирт ичимдиктеринен тышкары, 1,5 миңден ашуун таңгак акцизсиз тамеки алынган.

Бул факт боюнча мыйзамга ылайык чара көрүлөт.

Тэги: экономика ГНС табачные изделия акцизные марки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу