Мамлекеттик салык кызматы 10 миң жаңы муундагы гибриддик кассалык машиналарды ишкерлерге бекер бере баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Көзөмөл-кассалык аппараттарды акысыз берүүнүн негизги максаты- кассалык машиналарды сатып ала албаган ишкерлерди колдоо болууда.
“Гибриддик көзөмөл-кассалык машиналары POS-терминалы (төлөм карталарын кабыл алуучу функциясы) жана кассалык дүмүрчөк (чек) принтери менен чогуу берилет”, - деп белгилейт Мамлекеттик салык кызматы.
Ишкер контролдук-кассалык машинаны алыш үчүн салык төлөгөн аймактык салык органына арыз берүүгө тийиш.
Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө 54 миңден ашык ишкерлер ККМ колдонот.