Салык кызматы ККМ колдонуу жокко чыгарылганын четке какты

22.06.2022, 10:15 Акчабар
Салык кызматы ККМ колдонуу жокко чыгарылганын четке какты

Мамлекеттик салык кызматы өлкөдө көзөмөл-кассалыкаппараттарды колдонуу токтотулду деген маалыматтычетке какты.

Мекеменин маалыматына караганда, акыркы жумада салык органдарына жарандардан айрым соода түйүндөрү сатып алууда же кызмат көрсөтүүдө кассалык квитанцияларды берүүнү токтоткондугу боюнча даттануулар түшө баштады. Белгилүү болгондой, алар кассалык машиналарды колдонуу жокко чыгарылды деген жүйө менен кассалык чек берүүнү токтотушкан.

“Буга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы ККМ колдонуу жокко чыгарыла электигин жана аны колдонууга милдеттүү болгон бардык ишкерлер сатып алуучуларга/керектөөчүлөргө кассалык квитанцияларды берүүгө милдеттүү экендигин билдирет. Мындан тышкары, чектер талап кылынганга чейин сатып алуучуга берилиши керек”, - деп билдирди ведомство.

Белгилеп кетсек, ККМ колдонууга өтүүнүн мөөнөттөрү Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги токтомуна ылайык аныкталган.

Тэги: ГНС КР ККМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу