Акциздик маркаларды даярдоо боюнча кызматты сатып алууга конкурс жокко чыгарылды

20.11.2020, 15:16 Акчабар
Акциздик маркаларды даярдоо боюнча кызматты сатып алууга конкурс жокко чыгарылды

Мамлекеттик салык кызматы алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана Кыргызстанга жана анын чегинен сыртка жеткирүү боюнча кызматты сатып алууга конкурсту жокко чыгарды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, конкурсту жокко чыгаруу тууралуу чечим акциздик маркалардын коргоо элементтерин жана касиеттерин күчөтүү боюнча талаптарды жогорулатуу максатында КР өкмөтү менен макулдашылып, кабыл алынды.

Бул алкоголдук продукциянын мыйзамсыз рыногуна каршы күрөшүү жана жогорку сапаттагы жасалма акциздик маркаларды колдонууга каршы аракеттенүү максаттары менен түшүндүрүлөт.

 

Тэги: ГНС акцизные марки алкогольная продукция Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу