Салык кызматы 97 млрд сом чогултууну пландап жатат

04.06.2021, 13:10 Акчабар
Салык кызматы 97 млрд сом чогултууну пландап жатат

Быйыл Мамлекеттик салык кызматы кеминде 97 миллиард сом салыктарды жана жыйымдарды чогултууну пландаштырууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Ильяз Иманбетов салык процедураларын фискалдаштыруу темасындагы тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.

"Салык процедураларын санариптештирүү боюнча “Смарт салым” долбоору ишке ашырылгандан бери, 2020-жылдын июнь айынан баштап, салыктар пландаштырылгандан 7,5 миллиард сомго көп жыйналды", - деди ал.

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылы республикалык бюджетке 62 миллиард 958 миллион сом салык чогулткан.

Тэги: ГНС налоги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу