Республикалык бюджетке 37,8 млрд сом түшкөн

12.07.2021, 09:45 Акчабар
Республикалык бюджетке 37,8 млрд сом түшкөн

Республикалык бюджетке 37 млрд 817.8 млн сом каражат түшүп, план 105.3% аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.  

Каражат өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 млрд 162.8 млн сомго көп (өсүү темпи 141.9%). Жергиликтүү бюджетке 9 млрд 151.5 млн сом жыйналган. План 108.1% ашыра аткарылган же 688.3 млн сом болгон. 2020-жылдагы мезгилге салыштырмалуу түшкөн салыктар 2 млрд 213 млн сомго көбөйгөн же өсүү темпи 131.9% түзгөн.  

Белгилей кетсек, 2021-жылдын алты ай аралыгында Мамлекеттик салык кызматы 46 млрд 969.23 млн сом салык төлөмдөрүн чогулткан.

Тэги: ГНС бюджет деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу