Салык кызматы 8 айда дээрлик 100 млрд сом салык чогултту

02.09.2022, 11:23 Акчабар
Салык кызматы 8 айда дээрлик 100 млрд сом салык чогултту

Ушул жылдын январь-август айларында Мамлекеттик салык кызматы 99 миллиард 961,4 миллион сом салыктарды жана бюджетке төлөмдөрдү чогултту. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Белгиленген план 1 миллиард 445,5 миллион сомго ашыкча аткарылганы айтылды.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктык түшүүлөр 33 млрд 829,4 млн сомго көбөйдү же өсүү темпи 151,2%ды түздү.

2021-жылдын январь-августуна салыштырмалуу кирешелердин эң көп өсүшү киреше салыгы (+62,2%), кошумча нарк салыгы (+23,7%), Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн жана сатылган товарларга акциз салыгы (+49,8%), сатуудан түшкөн салык (+26,3%), жер казынасы үчүн салыктар жана чегерүүлөр (+29,3%) боюнча белгиленди.

Муну менен бирге бирдиктүү салыктан түшүүлөр 5 эседен ашык өстү.

Тэги: ГНС налоги Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу