АКШнын ИДПсы 2021-жылы 8% жогорулайт. Goldman Sachs алдын ала прогнозу тууралуу Аxios порталы билдирди.
Экономиканын өсүүсү коронавирус оорусунун көрсөткүчтөрү төмөндөп жатканы менен байланыштуу. Штаттагы жумушсуздардын саны 4% чейин, 2022-жылы 3.5% жана 2023-жылы 3.2% чейин кыскарат.
Экономиканын мындай темптеги жогорулоосу 1951-жылы катталган. Бул убакта ИДПнын көлөмү 356 млрд долларды түзгөн. 2021-жылы бул сумма 22.6 трлн долларга жетүүсү күтүлүүдө.