Кыргызстандын мамлекеттик банктары Орусияда филиалдарын ачат

07.06.2022, 15:42 Акчабар
Кыргызстандын мамлекеттик банктары Орусияда филиалдарын ачат

Кыргызстандын мамлекеттик банктары ("РСК-банк" ААК, "Айыл банк", "Керемет" жана ушул айда түзүлө турган Өнүктүрүү банкы) Россияда жана башка өлкөлөрдө филиалдарын ачат. Бул тууралуу "Миграция жана өнүгүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" эл аралык форумунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын мигранттары тапкан кирешесинин 30%га жакынын үй-тиричилигине жумшашат, 30% үйлөрүнө жөнөтүшөт жана акча каражаттарынын 30%га жакынын кабыл алган өлкөлөрдүн банктарында депозиттерде сакташат.

"Мигранттар өз каражаттарын инвестициялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКнын уставдык капиталы 5 млрд сомго чейин көбөйтүлдү. Жакынкы аралыкта бул компаниянын капиталын 8,5 миллиард сомго жеткирүүнү пландап жатабыз. Башка өлкөлөрдө иштеп жүргөн мигранттарыбыз өз мекенинен турак жай сатып алса болот. Мындан тышкары, өлкөнү индустриялаштыруу менен алектене турган "Кыргызиндустрия" ишканасы ишке кирди. Азыр ишкана бизнес-долбоорлорду иштеп чыгууда, жакынкы аралыкта ага мигранттар да ата мекендик өнөр жайды колдоого катыша алышы үчүн Кыргыз фондулук биржасына жана эл аралык биржаларга чыгуу тапшырмасы берилди", - деди ал.

Тэги: государственные банки Акылбек Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу