2019 - жылдын 31 - декабрындагы жыйынтык менен Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд 587 млн долларды же 319 млрд 417 млн сомду түзгөн. Бул маалыматты Каржы министрлиги билдирди.
Ведомствонун берген маалыматына ылайык, карыздын 83.9% же 3.8 млрд доллар тышкы карызды, 16.1% 736 млн доллар ички карызды түзөт.
Кыргызстан Эксимбанкка - 1 млрд 778 млн доллар, Эл аралык өнүгүү ассоцациясына - 657 млн доллар, Азия өнүктүрүү банкына - 565 млн доллар, JICA — 239 млн доллар жана Эл аралык валюталык фондко - 140 млн доллар карыз.