Кыргызстандын мамлекеттик карызы ИДПга 60%дан да төмөн түштү

15.06.2022, 13:50 Акчабар
Кыргызстандын мамлекеттик карызы ИДПга 60%дан да төмөн түштү

Кыргызстандын мамлекеттик карызы ушул жылдын апрель айынын аягында 5 миллиард 92,2 миллион долларды же 418 миллиард 76 миллион 840 миң сомду түздү, деп маалымдайт республиканын Каржы министрлиги.

2022-жылдын март айында бир ай мурункуга салыштырмалуу 65 миллион 180 миң долларга, улуттук валютада 11 миллиард 579 миллион 720 миң сомго азайган. Ошентип, ал 2022-жылга ИДПнын болжолдуу көрсөткүчүнө 58,58% өлчөмүндө иштелип чыкты. Бул 60,2% түзгөн март айына салыштырмалуу 1,62 пайыздык пунктка аз.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик карызынын азайышы тышкы карыздын 91 миллион 470 миң долларга азайышына байланыштуу болсо, өлкөнүн ички милдеттенмелери 26 миллион 290 миң долларга көбөйгөн.

 

 

Тэги: ВВП госдолг Кыргызстан экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу