Кыргызстандын мамлекеттик карызы бир айда 1.5 млн. $ кыскарган

07.09.2019, 14:45 Акчабар
Кыргызстандын мамлекеттик карызы бир айда 1.5 млн. $ кыскарган

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2019-жылдын июль айынын жыйынтыгы менен 310 млрд. 667.54 млн сом ($4 млрд 453.99 млн) сомду түзгөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлайт. 

Анын ичинен: 

 262 млрд 784.07 млн сом ($3 млрд 767.49 млн) – мамлекеттин сырткы карызы;

47 млрд 883.47 млн сом ($686.5 млн) – мамлекеттин ички карызы. 

2019-жылдын июнь айына салыштырмалуу мамлекеттин сырткы карызы 98.2 млн. сомго азайган. 1.4 млн.$ тышкы карызды азайтууга багытталган. 

Кыргызстан төмөндөгү банктарга мамлекеттик карыздарын төлөдү: 

• Натексис Банк (Франция) —  5.59 млн сомго;

• Япониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги – 77.05 млн. сомго; 

• КфВ банкына  (Германия) —90.73 млн сомго; 

• Кореянын Экспорт-Импорт банкы – 19.25 млн. сомго; 

• Сауд өнүктүрүү фондуна – 38.48 млн. сомго; 

• Гермес Кредитверзихерунгс-Актингезельшафтом (Германия) — 6.43 млн сомго; 

•  Эл аралык валюта фонду – 74.31 млн. сомго; 

• Азия өнүктүрүү банкы – 504.92 млн. сомго; 

• Европалык союз - 19.53 млн сомго;

• Эл аралык өнүктүрүү бирикмеси – 377.58 млн. сомго; 

• Эл аралык айыл-чарба өнүктүрүү фондуна – 11.03 млн. сомго 

• Түндүк өнүктүрүү фонду – 4.72 млн. сомго; 

• Калыбына келтирүү жана өстүрүү Европалык банкы – 124.26 млн. сомго; 

 

Кыргызстан төмөндөгү банктардан карыз алган: 

Кытай Экспорт-Импорт банкы – 421.34 млн. сом; 

• Кувейт фондунун Араб экономикалык өнүктүрүү  - 760 миң сом; 

• Турция мамлекетинен - 24.99 млн сомго; 

• Абу-Даби өнүктүрүү фондунан – 8.3 млн. сом; 

• Даниянын Экспорт-Кредит фондунан – 730 миң сом; 

• Эл аралык өнүктүрүү ОПЕК фондунан – 2.92 млн. сом; 

• Евразия өнүктүрү банкынан – 7.06 млн. сом; 

• Ислам өнүктүрүү банкынан – 110.46 млн. сом; 

Мамлекеттин ички карызы ушул эле убакытта 679.1 млн. сомго ($9.7 млн) көбөйгөн.

Тэги: госдолг Кыргызстан экономика госфинансы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу