2021-жылдын 1-январына карата өткөн жылга салыштырмалуу Евразия экономикалык бирикменин мамлекеттик карызы 16.7% жогорулады. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.
Мамлекеттик карыздын өсүшүнүн себеби, ЕАЭБдеги бардык мамлекеттердин бюджет тартыштыгы жана COVID-19 каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программаларды
тынымсыз каржылоо себеп болгон.
Муну менен катар Армения, Белорусия жана Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү тышкы карыздын көлөмүнөн дагы жогорулаган. Ал эми Казакстан менен Россияныкы тескерисинче – ички карызы өстү.