Мамлекеттик ипотекалык компания Садыр Жапаровдун үйүн сатты

17.06.2022, 10:41 Акчабар
Мамлекеттик ипотекалык компания Садыр Жапаровдун үйүн сатты

Мамлекеттик ипотекалык компания президент Садыр Жапаровдун үйүн сатты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында компания башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова билдирди.

Мамлекет башчынын үйүнүн тагдыры тууралуу суроону депутат Айбек Осмонов берди.

Төлөгөнова белгилегендей, турак жай 28 миллион сомго сатылган.

“Биз сатып алуу үчүн стандарттык жобону күтүп жатканбыз. Сатуудан түшкөн акчага биз батирлерди сатып алабыз жана аларды жарандарга ижара механизми менен берүүнү пландаштырып жатабыз”, - деди Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы.

Өткөн жылдын сентябрь айында президенттин үй-бүлөсү Бишкектеги үйүн ипотекалык ишканага белекке берген.

Мамлекет башчысы бул үй 2005-жылы сатылып алынганын билдирди. Кийинчерээк, 2010-жылдары үй-бүлө башка жакка көчүп кеткен, үй ошондон бери мектепке чейинки мекеме катары иштеп келген.

Тэги: Садыр Жапаров ГИК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу