Кыргызстандын мамлекеттик карызы эки күндө 142,4 млн сомго өстү

24.08.2022, 14:01 Акчабар
Кыргызстандын мамлекеттик карызы эки күндө 142,4 млн сомго өстү

Кыргызстандын мамлекеттик казына милдеттенмелери жана векселдери боюнча ички карызы 23-августка карата 82 миллиард 954 миллион 795,8 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Ошол эле учурда көзөмөл органынын маалыматы боюнча, бересе 19-августка карата 82 миллиард 812 миллион 436,8 миң сомго бааланган. Ошентип, бул убакыт аралыгында мамлекеттик карыз 142 миллион 359 миң сомго көбөйдү.

Өлкөнүн ички карызынын өсүшү Каржы министрлигинин эки жылдык облигациялар аркылуу карыз алуусу менен байланыштуу. Жайгаштыруу 22-августта болгон. Алгач мекеме аукциондон мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен 200 миллион сом алууну пландаган. Бирок суроо-талап сунуштан ашып кетип, Каржы министрлиги аны канааттандырууну чечти. Сооданын жыйынтыгында 202 миллион 359 миң сомдук облигациялар жылдык 14,99% менен жайгаштырылды.

Ошол эле учурда министрлик 20-августта мамлекеттин 12 айлык векселдер боюнча 60 миллион сомдук милдеттенмелерин төлөгөн. Баалуу кагаздар 2021-жылдын 19-августунда 8,71% кирешелүүлүк менен жайгаштырылган.

Кошумчаласак, ушул жылдын август айынын башынан бери Кыргызстандын ички карызы 403 миллион 359 миң сомго көбөйдү.

Тэги: госдолг Кыргызстан внутренний долг Нацбанк КР Минфин КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу