Ушул жылдын 1-июлуна карата жалпы мамлекеттик карыз 342,8 миллиард долларды түздү, бул өткөн жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу 28,8% га көп, деп билдирди ЕЭК.
Мамлекеттик карыздын жалпы суммасынын 74,12% ы Орусияга берилген кредиттерге туура келет (254,1 млрд доллар).
Мамлекеттик карыз биримдиктин бардык өлкөлөрүндө өстү, бирок өсүшкө 36,17% менен Орусиянын кредиттери таасирин тийгизди, Арменияда - 15,5% жана Казакстанда - 14,8%га өстү.
Мамлекеттик карыздын структурасы боюнча Армения, Беларусь жана Кыргызстанда тышкы насыя, Казакстан жана Орусияда болсо ички карыз басымдуу.