Бүгүн өткөн аукциондун жыйынтыгы боюнча үч жылдык мамлекеттик казына облигациялары боюнча кирешелүүлүк 12,49%ды түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкы билдирди.
Аукциондо 250 миллион сомго мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруу пландаштырылган.
Кыргызстандын Экономика жана финансы министрлиги октябрь айына 910 миллион сомго мамлекеттик облигацияларды чыгарууну пландаштырганын кошумчалайбыз.