2018-жылы мамлекеттик сатып алуу аркылуу 132.9 миң бүтүм жасалган

01.04.2019, 10:00 Акчабар
2018-жылы мамлекеттик сатып алуу аркылуу 132.9 миң  бүтүм жасалган

2018-жылы Мамлекеттик сатып алуулар порталында 2017-жылдагыдан 3300 жеткирүүчүгө көп катталды деп билдирди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

2018-жылдын жыйынтыктары боюнча Мамлекеттик сатып алуулар порталында 3777 сатып алуучу уюм (3475 – 2017-ж.) жана 19 200 жеткирүүчү (подрядчик) (15 900 – 2017-ж.) катталды.    

2018-жылы Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган конкурстук тооруктардын жыйынтыктары боюнча 132 906 конкурс (анын ичинде келишимди тикелей түзүү методу менен) өткөрүлүп, жалпы суммасы 94 млрд 305 млн 754 миң 155 сомду түздү. Ал эми үнөмдөлгөн каражаттын суммасы 5 млрд 293 млн 469 миң 95 сомду түздү.     

Өтпөй калган конкурстардын саны – 45 747 (анын ичинде келишимди тикелей түзүү методу менен), жалпы суммасы – 24 млрд 421 млн 70 миң 882 сомду түздү.

Аяктаган сатып алууларга (баалоо жүргүзүлдү, баалоонун жыйынтыктары кол коюуга жиберилди, келишим түзүүгө жөнөтүлдү жана келишим түзүлдү деген) статусу бар бардык жарыялар кирет.

Тэги: госзакупки тендер поставщики

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу