КР 2019 – жылдын 8 айында мамлекеттик сатып алуулар (госзакупок) аркылуу 48 миң сатып алуу ийгиликтүү аяктаган. Бул тууралуу өкмөттүк жыйында билдиришти.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, министрлер кабинети мамлекеттик сатып алуу чөйрөсүндөгү иш-аракеттерди толугу менен өзгөртүү керектигин белгиледи.
Ата-Мекендик өндүрүш чыгаруучулар үчүн кандай жеңилдиктер керек экендиги тууралуу мониторингди күчөтүшүн талап кылды.