Жылдын алгачкы үч айында мамлекеттик сатып алуулар 16 млрд сомго бааланды

18.05.2023, 14:08 Акчабар
Жылдын алгачкы үч айында мамлекеттик сатып алуулар 16 млрд сомго бааланды

Ушул жылдын биринчи кварталында Кыргызстандын сатып алуу уюмдары товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды сатып алуу боюнча жалпысынан 21 миң 481 тендер жарыялашкан. Өтүнмөлөрдүн жалпы баасы 17,4 миллиард сомго бааланган.

Анын ичинен 16 миллиард сомго 19 миң 884 сатып алуу ийгиликтүү аяктаган.

"Бул сатып алууларды бөлүштүрүү көрсөткөндөй, 12,3 млрд сомду товарлар, 2,5 млрд сомду жумуш, 1,2 млрд сомду кызмат көрсөтүү, 3 млн сомду консалтингдик кызматтар түздү", — деп билдирет Финансы министрлиги.

Быйылкы жылдын 1-апрелине карата республикалык бюджеттен каржыланган мамлекеттик мекемелер 10,52 миллиард сомго 4099 сатып алуу боюнча келишим түзүшкөн. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелер 3 млрд сомго 1943 сатып алуу боюнча келишим түзсө, ММК Фондунун мекемелери 1,9 млрд сомго 1690 сатып алуу боюнча келишим түзүшкөн.

"Социалдык фонд 54 млн сомго 2783 сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Мындан тышкары, өз каражаттарынын эсебинен каржыланган мекемелер 430 млн сомго 9 миң 867 сатып алууларды жүргүзүштү", - деп кошумчалады министрлик.

Сатып алуу ыкмаларын талдоо менен алардын бир кыйла бөлүгү бир булактан алынган ыкма менен ишке ашырылганын белгилесе болот.

Тэги: новости Кыргызстана госзакупки деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу