Кыргызстанда түз инвестиция тартуу 38,1% өскөн

25.06.2019, 17:50 Акчабар
Кыргызстанда түз инвестиция тартуу 38,1% өскөн

Өкмөт башчы белгилегендей, 2018-жылга карата чет элдик түз инвестициялардын агымы 851,7 млн АКШ долларын түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 38,1% өскөн. Бул учурда кирген агым чыккан агымдан 144.2 млн АКШ долларына ашкан.

Бул тууралуу премьер-министр республикадагы инвестициялык ишмердүүлүктүн абалы жана аны өнүктүрүү келечеги жөнүндө кеңешмеде айтты. 

«Бул көрсөткүч 2018-жылы чет элдик түз инвестициялардын глобалдык агымы 13% кыскарганын эске алганда, суммалык көрсөткүчтө 1,3 триллион АКШ долларына кыскарган. Ошол эле учурда өзгөчө белгилей кетсек, дагы бир оңдуу факт тендециянын сакталышы, тагыраагы 2019-жылдын биринчи кварталында чет элдик түз инвестициялардын агымы 176,7 млн АКШ долларын түзгөн. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 48,9% көп. Ошону менен бирге чыккан агым 31,3% кыскарган», – деди ал жана инвестициялык ишмердүүлүккө ыңгайлуу шарттарды түзүү иштерин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Алардын мүнөздүү өзгөчөлүгү инвестиция чөйрөсүндөгү ачык, транспаренттик жана дискриминациялык эмес саясат болуп саналат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча иштердин жыйынтыгы катары төмөнкүлөрдү белгиледи: 2019-жылдын 1-январынан тартып ишкердик субъекттерин мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан текшерүүгө мораторий киргизүү; 2019-2022-жылдарга карата Ишкерлерди тейлөө борборлорунун ишмердүүлүгүн түзүү жана уюштуруу Концепциясын бекитүү (2019-жылдын 1-мартынан); Туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун даярдоо фондун түзүү; «Мамлекеттик жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу жана жактыруу; «Преференциалдык калктуу аймактар жөнүндө» токтомду кабыл алуу (салыктын 4 түрүнөн:  сатуу салыгынан, киреше салыгынан, жер салыгынан жана кыймылсыз мүлк салыгынан 5 жылдан 10 жылга чейин бошотуу); Өкмөттүн «Иштетүүчү ишканаларды жага багбанчылыкты өнүктүрүүнү каржылоо» буйругун иштеп чыгуу жана кабыл алынды.

Мындан тышкары  Бизнес-омбудсмен институтун түзүлүп, учурда Бизнес-омбудсменди жана анын орун басарларын тандоо сынагы жүрүүдө; «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Мыйзамдын редакциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленди; инфратүзүмдүк долбоорлорду өнүктүрүүнү колдоо жана тездетүү үчүн Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборун түзүү иштери уланууда, тигүү жана текстилдик өндүрүштү өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча мыйзам долбоорун илгерилетүү жүрүүдө, анда юридикалык жактардын социалдык чегерүүлөрүн жана салыктык жүктөмүн кыскартуу каралган.

«Ишкерлик субъекттерин текшерүүгө 2 жылдык мораторийге карабастан, бизнести текшерүү фактылары бар. Мен ишкерлерди жана инвесторлорду бул өңдүү фактылар боюнча өз укугуңарды коргоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга, тескөөчү вице-премьер-министрлерге кайрылууну сунуштайм. Биз Кыргызстандын ишкерлерин колдоо иштерин, инвестициялардын агымын өбөлгөлөө жана инвестицияларды  колдоо боюнча мындан аркы чараларды улантып, мамлекеттик мүлк натыйжалуу менеджментин жакшыртып, МЖӨнү өнүктүрүүгө тийишпиз»,- деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга инвестициялык долбоорлорду сапаттуу түзүүнү жана ишке ашырууну, келип чыккан көйгөйлөрдү ыкчам чечүүнү тапшырды. Бул инвесторлордун Өкмөткө карат ишениминин деңгээлин жогорулатып, мамлекеттин имиджине таасирин тийгизет. Мындан тышкары инвестициялык ишмердүүлүк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштерди активдештирүү тапшырылды.

Жыйындан жүрүшүндө 1992-жылдан 2019-жылга чейин түз инестициялардын агымын талдоо, ошондой эле чет элдик түз инвестициялардын катышуусундагы жана МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууну талдоо сунушталды. Мындан тышкары инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана инвесторлор туш болгон тоскоолдуктарга өз убагында жооп кайтаруу үчүн жаңы маанилүү механизмди киргизүү маселеси талкууланды. Бул механизмдин алкагында тескөөчү вице-премьер-министрлерден, мамлекеттик органдардын жетекчилеринен, Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн ири инвестициялык долбоорлор боюнча кураторлор аныкталды.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу