«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы республикалык бюджетке 322 млн сомдон ашык каражат которду

09.06.2021, 15:00 Акчабар
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы республикалык бюджетке 322 млн сомдон ашык каражат которду

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын 2020-жылдагы ишинин жыйынтыктары жана ушул жылдын негизги милдеттери жөнүндө маалымат укту. Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымдалды.

"Кыргыз Темир Жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Адылбек Адранов өткөн жылы темир жол аркылуу 7 миллион 306 миң тонна жүк ташылгандыгын билдирди. Компаниянын баланстык кирешеси 2020-жылы 1 миллиард 112 миллион сомду түзгөн. 2019-жылга салыштырмалуу киреше 653 миллион сомго көбөйгөн.

"Кыргыз темир жолу" ишканасы республикалык бюджетке 322 миллион сомдон ашык каражат которду. Адранов республикалык бюджетке түшкөн пайданын 50% ишканага калтыруу керек деген маселени көтөрдү. Анткени кыймылдуу курамды модернизациялоонун стратегиялык пландары бар, анын ичинде 50 ачык вагон сатып алуу, темир жолдун жогорку структурасы, Балыкчы - Кочкор, КЭР-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу мерчемделүүдө. 

Тэги: ГП Кыргыз Темир Жолу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу