Мамлекеттик чек ара кызматы 76 млн сомго курулуш материалдарын сатып алат

18.05.2021, 11:40 Акчабар
Мамлекеттик чек ара кызматы 76 млн сомго курулуш материалдарын сатып алат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик чек ара кызматы курулуш материалдарын, жабдууларды, күйүүчү-майлоочу май жана инженердик жумуштарга керектүү нерселерди сатып алууга тендер жарыялагандыгын Мамлекеттик сатып алуулар сайты жазды.

Тендердин жалпы суммасы 76 миллион 849 миң сомду түзөт.

Техникалык тапшырмага ылайык, 15 миллион сомдон ашык акча тикенек зымга, 47 миллион сомдон ашык каражат металл түтүктөргө жумшалат.

Подрядчик келишим түзүлгөн күндөн тартып 20 күндүн ичинде жүктөрдү Ош шаарына жеткириши керек.

Тэги: тендер экономика госзакупки ГПС КР ГКНБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу