Кыргызстандыктарга Жапонияда жумушка орношууга мүмкүнчүлүк берилет

22.04.2021, 12:00 Акчабар
Кыргызстандыктарга Жапонияда жумушка орношууга мүмкүнчүлүк берилет

Кыргызстан менен Жапония кыргыз жарандарын Жапонияда жумушка орноштуруу боюнча келишим түзүүнү көздөп жатышат. Бул маселе Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда, Жапониянын JICA агенттигинин өкүлү Немото Наоюки жана жапон бизнес чөйрөсүнүн жолугушуусунда талкууланганы маалым болду. 

Жолугушуунун жүрүшүндө инвестицияларды тартуу, Кыргызстандын айыл чарба продукциясын аларда жайылтуу, маалыматтык технологияларды өнүктүрүү, кыргыз жарандарын Жапонияда жумушка орноштуруу, эки тараптуу келишимдерди түзүү, ошондой эле бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу жана жеңилдетилген шарттарды түзүү маселелери талкууланды.

Натыйжада, тараптар инвестицияларды кубаттоо жана өз ара коргоо боюнча келишимди, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы эмгек миграциясы жаатындагы меморандумду иштеп чыгууну тездетүү боюнча макулдашууга жетишишти.

Тэги: трудовые мигранты работа Япония Кыргызстан работа за границей

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу