Кореяда мыйзамсыз иштеген мигранттар үчүн жаңы эреже күчүнө кирди

23.11.2022, 12:29 Акчабар
Кореяда мыйзамсыз иштеген мигранттар үчүн жаңы эреже күчүнө кирди

Кореянын Юстиция министрлиги өлкөдө мыйзамсыз жашаган чет элдиктер үчүн жаңы эреже киргизди. Бул эрежеге ылайык, Кореяда мыйзамсыз жашап, иштеген чет элдиктер ыктыярдуу түрдө айып пул төлөбөстөн өлкөдөн чыгып кетсе болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин сайтына жарыяланды.    

“Быйыл 7-ноябрдан 2023-жылдын 28-февралына чейин мыйзамсыз жашаган жана иштеген жарандар өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кеткен учурда айып пулдан жана өлкөгө кирүүгө тыюу салуудан бошотулат”,- деп айтылат маалыматта. 

Бирок 7-ноябрдан кийин өлкөгө кирген жарандарга эреже колдонулбайт.

Өз ыктыяры менен кетүү үчүн иммиграция кызматына паспорт жана арыз (өз каалоосу менен чыгуунун акыркы мөөнөтүнө үч күн калганда) тапшыруу зарыл.

 

Тэги: экономика Корея трудовые мигранты новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу