Грецияга 29 өлкөнүн жарандары карантинсиз кире алат

08.06.2020, 15:00 Акчабар
Грецияга 29 өлкөнүн жарандары карантинсиз кире алат

Жекшембиде Греция коронавирус эпидемиясынан улам киргизилген карантин чараларын жумшартты. 15-июндан тартып Грецияга 29 өлкөнүн жарандары карантинсиз кире алат. Алардын тизмеси май айында эле жарыяланган.

 

Россия бул тизмеге киргизилген жок. Бирок орусиялык жарандар өкмөт белгилеген мейманканаларда бир жума жашоо шарты менен бара алышат. Эгер алардын коронавирус тесттери таза чыкса, деңиз жээгинде эс алууга уруксат берилет.

Греция Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн ичинен пандемиядан азыраак зыян тартты. Коронавируска жалпысынан үч миңдей киши чалдыккан. Соңку суткада 17 киши гана вирус жуктуруп алганы аныкталды.

Тэги: Греция 29 өлкө жаран туризм

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу