Каттоо кызматы тез арадагы жалпы жарандык паспортторду бере баштады

01.06.2021, 09:40 Акчабар
Каттоо кызматы тез арадагы жалпы жарандык паспортторду бере баштады

31-майдан баштап жарандар тез арада Кыргызстандын чет элдик паспортун ала алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдагы үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун үч саат, 2, 4 жана 8 күндүн ичинде алууга болот.

34 баракты түзгөн документтин баасы төмөнкүдөй:

  • 8 күн - банктын комиссиясын эске алуу менен 2 миң 300 сом;
  • 4 күн - банктын комиссиясын эске алуу менен 2 миң 665 сом;
  • 2 күн - банктын комиссиясын эске алуу менен 3 миң 10 сом;
  • 3 саат - 6 миң 475 сом, банктын комиссиясын эске алуу менен.

Атын жана улутун өзгөрткөндө:

  • 8 күн - банктын комиссиясын эске алуу менен 2400 сом;
  • 4 күн - банктын комиссиясын эске алуу менен 2 миң 765 сом;
  • 2 күн - банктын комиссиясын эске алуу менен 3 миң 110 сом;
  • 3 саат - 6 миң 575 сом, банктын комиссиясын эске алуу менен.

Жоголгон жана эскирген паспорттун ордуна паспортту алмаштыруу. Мамлекеттик алым төлөгөндүктөн, бул кызмат 100 сомго кымбаттайт.

  • 8 күн - банктын комиссиясын жана мамлекеттик алымды эске алуу менен 2 миң 500 сом;
  • 4 күн - банктын мамлекеттик алымды төлөөнү эске алуу менен 2 миң 865 сом;
  • 2 күн - банктын мамлекеттик алымды төлөгөндүгүн эске алуу менен 3 миң 210 сом;
  • 3 саат - 6 миң 675 сом, банктын мамлекеттик алымдын комиссиясын эске алуу менен.

Жаңы үлгүдөгү паспорт Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына дал келери белгиленди. 

Тэги: ГРС цены загранпаспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу