2021-жылдын 3-майынан баштап жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортторго документтерди кабыл алуу башталат. Бул тууралуу юстиция министрлигинин алдындагы мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Учурда жабдууларды орнотуу жана паспортторду тесттик басып чыгарууну сыноо иштери жүрүп, программалык камсыздоо аяктап жатат.
2020-жылдын үлгүсүндөгү паспорттордун наркы төмөнкүчө бекитилген:
Маалымдама:
Жаңы үлгүдөгү паспортто ээси жөнүндө жеке маалыматтар, санарип сүрөтү, эки колунун папиллярдык оймо-чиймелеринин графикалык түзүмү жана санарип колтамгасы камтылган электрондук маалымат каражаты бар.
Мындай паспорт эки нускада жарандын тандоосу боюнча - чет өлкөлөргө көп чыккан жарандар үчүн 50 барактан турган жана 34 барактан турган кадимки паспорт берилет.
Жаңы паспорттун дизайн концепциясы улуттук стилге шайкеш келет. Документте маданий жана тарыхый эстеликтер, Кыргызстандын кооз жерлери чагылдырылып, өлкөнүн ар бир аймагын символдоштурушкан.