Мамлекеттик каттоо кызматы унаа каражаттарын каттоо күбөлүктөрүн, эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү жана трактор үчүн айдоочулук күбөлүктөрүн сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында жазылды.
Тендердин жалпы суммасы 527 миллион 720 миң сомду түзөт.
Арызды 26-июлга чейин жөнөтсө болот.