UFC 242: Хабиб Порье менен болгон беттеште 6 млн $ гонорар алышы мүмкүн

05.09.2019, 11:21 Акчабар
UFC 242: Хабиб Порье менен болгон беттеште 6 млн $  гонорар алышы мүмкүн

Хабиб Нурмагомедов менен Дастин Порьенин беттеши 6 сентябрдан 7 сентябрга караган түнү БАЭнин борбору Абу-Дабиде болот. 

Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедов бул беттеште улуунун канча гонорар алаарын айтты. 
 

«Бул жолку гонорар Конор Макгрегор менен болгон беттештегиден дагы 3-3,5 эсе көп болот. Биз өзүбүздүн баабызды жакшы билебиз жана майда нерсе үчүн согуша бербейбиз. Ал эми Макгрегор менен болгон беттештеги гонорар бизге азыр аздык кылат. Биз эң күчтүүлөрдү уттук, мындан дагы күчтүүлөр менен беттешүүгө даярбыз. Биз атактуу экенибизди дагы билебиз. Муну сиздер залга чыкканда Хабибди жана Порьени эл кандай тосуп алганынан улам эле билсеңиздер болот» – деп билдирди Абдулманап Нурмагомедов. 

Эскерте кетсек, Конор менен болгон беттеште Хабиб 2 млн$  гонорарга ээ болгон. 

Тэги: Хабиб Нурмагомедов Порье гонорары Бой

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу