ИӨБ Талас — Тараз — Суусамыр жолун оңдоого 50 млн доллар бөлөт

23.02.2023, 15:22 Акчабар
ИӨБ Талас — Тараз — Суусамыр жолун оңдоого 50 млн доллар бөлөт

Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) Талас — Тараз — Суусамыр унаа жолун реконструкциялоого 50 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жайда Бишкекке ИӨБнын баа берүү миссиясы келип, долбоорду карап чыгып, талкуулаган. 2022-жылдын октябрында долбоор Жогорку Кеңештин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча комитети тарабынан, ал эми 2022-жылдын декабрында ИӨБ Аткаруучу директорлор кеңеши тарабынан жактырылган.

“Ошентип, ИӨБ Кыргызстанга 25 жылга 32 миллион 392 миң ислам динары (50 миллион доллар) өлчөмүндө насыя берет”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, тажрыйба алмашуу катары ИӨБ долбоорго 200 000 долларга техникалык жардам көрсөтө турганы белгиленген.

Кошумчалай кетсек, Талас — Тараз — Суусамыр жолун реконструкциялоонун төртүнчү фазасынын жалпы баасы 105,2 миллион долларды түзөт.

Ондоп-түзөлө турган жолдун узундугу 93 км түзөт. Жол толугу менен Талас облусунун аймагында жайгашкан. Талас шаарынын батыш чек арасынан 104,6 кмден башталат. Андан ары жол батыш тарапка Казакстан менен мамлекеттик чек арага (Кичи-Капка өткөрмө пункту) Кара-Буура, Манас жана Бакай-Ата райондорун камтыйт.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу