2019-жылды ИДПнын көлөмү 590,0 млрд сомду түзгөн

20.01.2020, 14:35 Акчабар
2019-жылды ИДПнын көлөмү 590,0 млрд сомду түзгөн

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 590,0 млрд сомду түзүп, реалдуу алганда, 4,5%га жогорулады. Өнөр жай продукциянын көлөмү дээрлик 278,6 млрд сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 21 млрд сомго өскөн. Бул маалымат вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында айтылды. 

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү металл кени, негизги металлдар, курулуш материалдары, кийим-кече, чийки нефть, жаратылыш газы жана көмүр казуу, ошондой эле тамак-аш өнөр жайындагы өндүрүштүн өсүшүнүн эсебинен камсыздалды. Муну менен катар курулуш тармагында 19,6%, айыл чарба тармагында 2,6%, кызмат көрсөтүү – 2,9% өсүш бар. Вице-премьер-министр 2019-жылдын 11 айында тышкы соода жүгүртүүдөгү өзгөрүүнү белгилеп, анын көлөмү 6,2 млрд АКШ долларын түзгөнүн кошумчалады.  

«Эгерде импорт 6,6% төмөндөсө, экспорттун көлөмү, тескерисинче 9,4% өскөн. Бул өсүш алтын, кен жана баалуу металлдардын концентранты, цемент, керамика өндүрүшү, жер семирткич, мөмө жемиш жана жаңгак, жашылча жана азык тамырлар, эт жана эт азыктарынын экспортунун көлөмүнүн көбөйүүсү менен шартталды. Импорт товарларды реэкспорттоонун негизинде төмөндөдү. Буга байланыштуу соода балансынын терс сальдосу 465 млн АКШ долларына чейин кыскарган. Бул абдан жакшы көрсөткүч», - деп белгиледи Замирбек Аскаров.

Тэги: ИДП өнөр-жай өндүрүшү КР Замирбек Аскаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу