ИИМ: финансы-кредиттик мекемелер өзүңөрдүн мүлккө жоопкерчиликтүү болгула

16.06.2020, 15:40 Акчабар
ИИМ: финансы-кредиттик мекемелер өзүңөрдүн мүлккө жоопкерчиликтүү болгула

Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы финансы-кредиттик мекемелерди өздөрүнүн мүлкүнө жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, шаардагы банктын филиалдарынын бирине куралдуу тоноо жасалгандыгынын жыйынтыгында, мекемеге олуттуу зыян келтирилди.

Күзөт кызматы мекеме-чарба ээлерине өзүнүн мүлкүнүн коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырат.

2018-жылдын декабрь айынан 2019-жылдын декабрь айына чейинки аралыкта республиканын аймагында сактык кассалардан жана банкоматтардан акча каражаттарын тоноого байланышкан бир нече кылмыш катталган.

Айта кетсек, Талас, Жети-Өгүз, Араван жана Кара-Суу райондорунда, ошондой эле Ош жана Нарын шаарларынын аймактарында жайгашкан финансы-кредиттик мекемелердин банкоматтарынан жана сактык кассаларынан акча каражаттарын урдоо фактылары болгон.

Жогоруда аталган бардык мекеме-чарбаларда болгон каракчылыктар жана урдоолор жеке күзөт мекемелеринин кайтаруусунда болгон.

ИИМдин Күзөт кызматы жеке мүлктү сактоо боюнча татаал эмес коопсуздук чараларын сунуштап, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн ишенимдүү кайтарууга жана коопсуздугун камсыздоого милиция кызматкерлерине тапшырып берүүсүн туура деп эсептейт.

Акыркы статистикалык маалыматтарга караганда, ИИМдин Күзөт кызматы тарабынан кайтарылган мекеме-чарбаларга уурулукка жана кирип кетүүгө жол берилген эмес. Ишенимдүү кайтаруунун кепилдиги болуп, “Айгай” белгилерине ыкчам аракеттенүү болуп саналат, анын жыйынтыгында гана кылмышкерлерге материалдык зыян тийгизүүгө жол берилбейт.

Тэги: ИИМ финансы-кредиттик мекемеле насыя жоопкерчилик

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу