Депутат: Чакан жана орто бизнеске 100 миң сомдон жеңилдетилген насыя же ссуда берүү керек

14.04.2020, 12:30 Акчабар
Депутат: Чакан жана орто бизнеске 100 миң сомдон жеңилдетилген насыя же ссуда берүү керек

Бишкек күнүгө 15-20 млн доллар жоготуп жатат. Бул тууралуу 14-апрелде ЖК жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди. 

 

«Урматтуу комендант. Бишкектеги 1 млн адамды көзөмөлдөш кыйын. Андан көрө вируска шектелген 300 адамды көзөмөлдөгөн оңой. Муну айтайын дегеним, биз коронавирус менен күрөшүп жатып, экономиканы өлтүрбөшүбүз керек. Эксперттердин айтымында, Бишкек күнүгө 15-20 млн доллар жоготуп жатат. Коңшу өлкөлөрдөн мисалы, Белорусияны алсак, аларда коронавирус менен ооругандар аз. Бирок, аларда карантин жок. Белорусия санитардык режимди катуу көзөмөлгө алышууда. Кеп карантинде эмес, кеп жасалып жаткан иштерде», - деп айтты депутат. 
 

Андан сырткары, депутат демилгелүү топ менен экономиканы колдоонун жаны актысын иштеп жатышкандыгын билдирди. 

«Экономиканы кичи жана орто бизнестер гана көтөрөт. Биз Казакстан, Россия сыяктуу бизнеске акча бере албайбыз, бирок бизнеске эркиндик берели да. Чакан жана орто бизнеске (бул таксисттер, маршрутниктер) 100 миң сомдон жеңилдетилген насыя же ссуда берүү керек. Балким, Россия-Кыргыз өнүгүү фондундагы 300 млн доллар каражат жөн эле бош жатат. Ошол каражатты жеңилдетилген шарт менен насыя катары берип, кайра кайтарылган акчаларды фондко которуу керек. Себеби, кичи жана орто бизнес өнүкмөйүн, мамлекет өнүкпөйт», - деген сунушун берди депутат Иманалиев. 

 

Тэги: Иманалиев Депутат бизнес каражат Карантин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу