ЕАЭБ өлкөлөрүнүн импорту ушул жылдын апрель айында 27,5 миллиард долларды түзгөн. Бир ай ичинде индикаторлор 1,5% га гана өскөн, мындай маалыматтарды ЕЭК билдирди.
Беш өлкөнүн импортунун жалпы көлөмүнүн ичинен Кыргызстан эң чоң өсүшкө ээ - 44,5% (287 миллион долларга чейин). Кийинки орунда Казакстан - 3,8% (1,9 миллиард долларга чейин), Армения - 1,5% (245 миллион долларга чейин), Орусия - 1,3% (23,4 миллиард долларга чейин) турат.
Импорттун төмөндөшү Беларусияда гана байкалат - 3,6% (1,5 миллиард долларга чейин).