Эки заводдун менчиги «Кыргызиндустрияга» өтөт

27.03.2023, 11:45 Акчабар
Эки заводдун менчиги «Кыргызиндустрияга» өтөт

Машина жасоо жана штамптоо заводдорунун мүлкүКыргызиндустрия” ишканасына өткөрүлөт. Тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Ошондой эле “Бишкек штамптоочу завод” мамлекеттик ишканасынын №110/6 кВ “Ленин атындагы завод” көмөкчордону, № 35/6 кВ “ГЭС” көмөкчордондору жана 35/6 кВ кабелдик чубалгылары да “Кыргызиндустрияга” кайтарымсыфз колдонууга берилүүдө.

Мындан тышкары, Мамлекеттик мүлк фондуна караштуу “Объекттерди башкаруу дирекциясы” мамлекеттик ишканасынын “Элдик” филиалы “Кыргызиндустрия” ААКтын ишенимдүү башкаруусуна өткөрүлүп берилген.

Эске салсак, “Кыргызиндустрия” 2022-жылдын 28-январында түзүлгөн. Компаниянын 100 пайыз акциясы мамлекетке таандык.

Ошол эле учурда, “Кыргызиндустрия” мамлекеттик ишканасынын 2022-жылдын төртүнчү кварталы үчүн киреше жана чыгаша тууралуу отчетуна ылайык, ишкана 25 миллион 872,2 миң сом зыян тарткан.

Тэги: новости Кыргызстана Кыргызиндустрия Акылбек Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу