Инаугурация шайлоонун жыйынтыгы аныкталгандан кийин бир айдын ичинде өтөт

11.01.2021, 09:30 Акчабар
Инаугурация шайлоонун жыйынтыгы аныкталгандан кийин бир айдын ичинде өтөт

Кечээ, 10-январда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүгө) болуп өттү. 

 

 

БШКнын төрайымынын айтканы боюнча, мыйзамга ылайык 20 күндүн ичинде шайлоонун акыркы жыйынтыгы чыгышы керек. Ал эми инаугурация шайлоонун жыйынтыгы аныкталгандан кийин бир айдын ичинде өтүшү керек.

Шайлдабекова кошумчалагандай, кандай учурда экинчи айлампа же кайра шайлоо өтөрү тууралуу мыйзамда так жазылган. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча, талапкерлердин бири да жалпы добуш берген шайлоочулардын 50%дан ашпаган добушун алса, анда экинчи тур жарыяланат. Экинчи турга алдыга озуп чыккан эки талапкер катышат.

 

«Бирок мыйзамда белгилүү бир сандагы шайлоочулардын шайлоого катышуусу талап кылынбайт», - дейт ал.

Тэги: Шайлоо добуш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу