ЕАЭБ боюнча товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын индекси сентябрь айында августка салыштырмалуу 0,6%ды, ал эми 2020-жылдын декабрынан тартып 5,5%ды түздү. Мындай маалыматтар ЕЭК тарабынан берилди.
Быйылкы жылдын сентябрында, 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу, ЕАЭБде азык-түлүк эмес товарларга (6,3%га) жана азык-түлүк товарларына (5,9%га) баанын олуттуу өсүшү белгиленди.
Бул мезгилде акы төлөнүүчү кызматтардын баасы 4%га жогорулады.