Индияда кыргызстандыктар үчүн жасала турчу операциянын баасын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү

29.01.2021, 16:30 Акчабар
Индияда кыргызстандыктар үчүн жасала турчу операциянын баасын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү

28-январь күнү, Индияга сөөк чучугун, боорун жана бөйрөгүн трансплантациялоого келип жаткан кыргызстандыктар үчүн дарылануунун наркын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп, макулдашылды, - деп билдирет Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин басма сөз кызматы. 

Мындан тышкары, тажрыйба менен алмашуу жана квалификацияны жогорулатуу үчүн ушул жылы кыргыз жана индия медиктеринин өз ара сапарларын уюштуруу боюнча тараптар келишим түздү. Кыргыз жарандарынын дарылануусун сарамжалдуу пландаштыруу максатында кээ бир процедураларды, ошондой эле индиялык дарыгерлеринин онлайн-кеңештерин өткөрүү мүмкүндүгү белгиленди. 

Сүйлөшүү Индиянын Нью-Дели шаарындагы «Дхарамшила Нараяна» адистештирилген госпиталдын жетекчиси, Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаевдин аталган госпиталдын түндүк аймагы боюнча директору Навниит Бали жана ошондой эле башкы дарыгерлер менен  болду. 

 

 

Тэги: Индия операция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу