Индияда ШКУга мүчө мамлекеттердин аудит боюнча VI жыйыны өттү

08.02.2023, 10:07 Акчабар
Индияда ШКУга мүчө мамлекеттердин аудит боюнча VI жыйыны өттү

Ушул аптанын 6-7-февралында Индиянын Лакхнау шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жогорку аудит органдарынын жетекчилеринин VI жыйыны өттү. Ага Кыргызстандын Эсеп палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов да катышты. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдирди. 

Маалыматка ылайык, жыйынга ШКУнун башкы катчысынын орун басары Нуран Ниязалиев жана Уттар-Прадеш штатынын губернатору Анандибен Пател айым да катышты. 

Жыйында Эсеп палатасынын жетекчиси Алмазбек Акматов  глобалдык санариптештирүү доорунда IT аудитти киргизүү жана өнүктүрүү чоң роль ойноорун белгиледи. Анын айтымында маалыматтык системанын аудити маалыматтык системалардын учурдагы абалы жөнүндө объективдүү сапаттык жана сандык маалыматтарды алууга жана баалоого мүмкүндүк берет. 

“Бүгүнкү күндө жогорку аудит органдарынын ишине маалыматтык технологияларды киргизүү жана колдонуу маанилүү. Бул алардын натыйжалуулугун жогорулатуунун бири болуп саналат. Жогорку аудит органдары мамлекеттик аудитти жаңы сапаттык деңгээлде ишке ашырууда иш-чараларды санариптештирүүнү эске алуу менен жаңы милдеттерди ишке ашыруу үчүн өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктайт”, - деди ал. 

Кошумчалай кетсек, иш-чаранын алкагында Алмазбек Акматов Кытайдын Башкы аудиторунун орун басары Чжан Кэ жана Россиянын Эсеп палатасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар өз ара кызматташуу пландарын талкуулашты. 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу