Инвесторлор кайрадан Россия, кытай жана Өзбекстанга кызыга башташты

14.03.2019, 11:43 Акчабар
Инвесторлор кайрадан Россия, кытай жана Өзбекстанга кызыга башташты

Киреше табуу үчүн инвесторлор капиталдарын  өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө салууда. Ушул эле учурда Борбордук банктар этияттык менен иш алып барууда. Учурда өнүгүп жаткан мамлекеттерге акчанын агымы бат темп менен агылганы инвесторлордун келүүсүнөн байкалууда. Фондулук рыноктогу түшүүдөн кийин фондулук индексте тобокелдикке баргандар күч алганын  Kursiv.kz жазып чыгышты.

 Борбордук банктар тарабынан акча-кредиттик саясаттагы ыкчам өзгөрүү болбой турган чакта, ошондой эле дүйнөлүк рыноктогу  коркунучтар төмөндөгөн  маалда активдерди башкаруучулар киреше табуу максатында кытай компанияларынын акциясынан тарта чили песосун да  сатып алып, дүйнөдөгү баардык нерсени сатып алууга умтулушууда.  Эл аралык финансы институтунун маалыматына караганда,  2019-жылы өнүгүп жаткан өлкөлөрдө  акциялар менен облигацияларды  инвестициялоого  $86 млрд салынган. Бул  2018-жылдын тогуз ай аралыгында жасалган көлөмгө барабар. Өнүгүп жаткан рыноктун  индекси боюнча MSCI былтыркы минимумга караганда 13%  жогорулаган. 

Учурда FactSet изилдөө уюмунун маалыматы боюнча  iShares Core MSCI Emerging Markets фондусунун биржадагы акциялары  инвесторлордун кызыгуусун жаратып,  $5 млрд инвестиция тартылган. Мындан тышкары үч дагы инвестициялык фонддор өнүгүп жаткан рынокко келип, 2019-жылы инвестиция тартуудагы алдынкы 11 компаниянын катарына кирди. 

Буга чейин обочолонгон  Өзбекстан жеңил эле  $1 млрд инвестиция тартып, аларды алгачкы суверендүү облигацияларына жайгаштырды.  Сатууга чыккан облигацияга караганда, инвесторлордон облигацияларды  сатып алууга болгон суроо талаптары сегиз эсе жогору болду.  

«Былтыркы жылы өнүгүп жаткан рыноктор кыйын мезгилди башынан кечирди. Учурда кырдаал өзгөрдү. Эми бул өсүү келечекте дагы уланмакчы»— деп билдирет Manulife Asset Management компаниясынын башкы экономисти Меган Грин. 

Айрым инвесторлор  финансы рыногунда абайлап мамиле жасап жатышат. Өнүгүп жаткан өлкөлөрдө активдердин деңгээли бир калыпта сакталбайт. Анткени, дүйнөлүк экономикада жайлануу  процесси бар. Соода тармагында АКШ менен Европа Биримдигинин ортосундагы күч алып жаткан конфликт, ошондой (Federal Reserve System FED)  ФРС тарабынан пайыздык ченди жогорулатуу  этияттыкты талап кылууда.

Sunrise Capital Partners компаниясынын башкы инвестиция директору Кристофер Стентон, эгерде өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн рыногунда  өзгөрүлмө шарттар күчөсө, анда жергиликтүү активдердин куну түшүп кетсе, инвесторлор пайдалуу шарттарда сатып кете албай калышат. Өзгөрүлмө рыноктун индексин акыркы убакта туруктуу деген аймактардагы кескин түшүп кетүүлөр көрсөтүүдө. Ушундай абал  Dow Jones Industrial Average компаниясы менен болуп,  2018-жылы февралда  1 миң 175 пунктан түшүп, ал бир күндө төмөн түшкөн индексти көрсөттү.

Ага карабай көпчүлүк инвесторлор тандаган багыттарынан тайган жок. Өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү активдерди бөлүштүрүү боюнча  UBS Global Wealth Management  инфестициялык кеңсесинин башчысы Майкл Боллигер кытай акциялары менен инвестициялык  бенчмарк чегинен ашып сатып алган. (Бенчмарк (финансы) — көрсөткүч же актив, андагы киреше инвестициядагы жыйынтыкты салыштыруу үчүн колдонулат). Анткени ал алардын өсүүсүн эсептөөдө. Ушул же малда АКШ ФРС пайыздык ченди жогорулатарын башка инвесторлорго караганда жакшы билет. Эгер финансалык окуя ушул багытта жүрсө, анда глобалдык өсүү өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө пайдалуу болот. 

 

«Биз үчүн тобокелдик жараткан активдер  булар өнүгүп келе жаткан мамлекеттердеги акциялар. Алардын арасында баалуу кагаздар бар. Биздин инвестициялык горизонтто дагы жарым жыл сакталып турат»— деп кошумчалады Боллигер.

Тэги: инвестиции бизнес Китай Россия Узбекистан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу