Кыргызстанга логистикалык борбор куруу боюнча Казакстандык инвесторлор келет

06.12.2021, 11:19 Акчабар
Кыргызстанга логистикалык борбор куруу боюнча Казакстандык инвесторлор келет

Учурда казакстандык инвестицияларды тартуу менен индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев биринчи вице-премьер-министр Арзыбек Кожошев менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

Эске салсак, ушул жылдын март айында президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон расмий сапарынын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында өнөр жай комплексин түзүү боюнча келишимдерге жетишилген.

"Жакынкы арада бул маселени деталдуу изилдөө үчүн Кыргызстанга Казакстандан инвесторлор келет", - деди Рапиль Жошыбаев.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Казакстанга алдыдагы жумушчу сапарын уюштуруу маселесин, ошондой эле эки өлкөнүн кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Тэги: логистический центр Кыргызстан Казахстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу