Иран Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун чек арасына чейин узартууну сунуштоодо

11.10.2022, 15:48 Акчабар
Иран Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун чек арасына чейин узартууну сунуштоодо

Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-иран бизнес форумунда Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун Иранга чейин узартуу маселесин көтөрдү. 

“Иран Кыргызстан менен соода-экономикалык алака түзүүгө кызыктар. Товар жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн биринчи кезекте материалдык-техникалык жактан камсыздоо, логистика маселесин чечүү керек. Ал үчүн Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун Иранга чейин узартсак болмок. Кыргызстандын деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болмок”, - деди элчи. 

Форумга катышуу үчүн ирандык компаниялардын өкүлдөрү келишкен. Алар өз продукциясынын жаңы рыногун өздөштүрүүгө гана эмес, биргелешкен өндүрүштү жөнгө салуу үчүн потенциалдуу өнөктөштөрдү издөөгө да кызыктар. 

Ошондой эле форумга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин, Улуттук инвестициялык агенттиктин жана Салык кызматынын кызматкерлери катышып, Кыргызстандын жана Ирандын ишкерлеринин суроолоруна жооп беришти. Алар конокторго Кыргызстанда бизнес жүргүзүүдө бажы процедуралары жана салык шарттары тууралуу айтып беришти.

Ал эми ирандык компаниялар инвесторлорду тартуу, логистика, металлургия жана тоо-кен өнөр жайы, энергетика, пластмасса өнөр жайы, курулуш материалдары, айыл чарбасы, күнөскана, инженердик-техникалык кызматтар, килем өндүрүшү, текстиль, сүт жана нан азыктары сыяктуу тармактарда бизнесмендерге жана мамлекеттик кызматкерлерге презентацияларды жасашты.

Иш-чара Иран Ислам Республикасынын Бишкектеги экинчи эксклюзивдүү көргөзмөсүнүн алкагында өтүүдө. Анда Кожомкул атындагы спорт ордосунда ирандык товарлардын көргөзмөсү уюштурулду.

Көргөзмөгө тамак-аш азыктары, суусундуктар, килем, чайлар, кургатылган жемиштер, курулуш жана жасалгалоочу материалдар, өнөр жай курулуш ишканалары, идиш-аяк, бут кийим, булгаары буюмдары, кийимдер коюлган.

Көргөзмө 12-октябрга чейин болот. Ошондой эле, B2B жолугушуулары 12-октябрга чейин уланат.

Тэги: Иран железная дорога Китай Узбекистан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу