Бүгүн 18-июлда Улуттук банктын төрагасы менен Мамлекеттер аралык банктын жетекчиси жолугушту.
[news 16052]
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен Мамлекеттер аралык банктын президенти Игорь Суворов жолугушту. Анда банктар аралык кызматташуу жана Кыргызстанда банк системасын өнүктүрүү тууралуу талкуу жүрдү.
Маалымат үчун: КМШ мамлекетеринин Эл аралык банк эсеби жана кредит берүү институту болуп саналат. Банк 100% мамлекеттик капитал менен негизделген.
Мамлекеттер аралык банк 1993-жылы негизделип, ага Россия Федерациясы, Беларусь Республикасы, Армения, Кыргыз жана Таджик Республикалары мүчө болуп кирген.
Мамлекеттер аралык банк мүчө мамлекеттердин улуттук төлөм системаларына түз кире алат: Армения, Беларусь, Таджикистан, Казахстан, Кыргыз Республикалары менен Россия Федерациясы. Мамлекеттер аралык банк арам акчаларды адалдаштырууга каршы биргелешип иш жүргүзгөн банк.