Депутат: Алыстагы мекендештерди алып келүүгө бардык аракетти жумшайбыз

14.04.2020, 16:51 Акчабар
Депутат: Алыстагы мекендештерди алып келүүгө бардык аракетти жумшайбыз

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту алдын-алуу боюнча өтө начар даярдыкты көргөнү билинип калды. Эми министрлик бир топ реформаларды жасоосу керек. Бул тууралуу Исхак Пирматов инстаграмдагы түз эфирде катталуучулар менен баарлашып жатып билдирди.

«Өкмөт 30 млрд сомдон ашуун каражат салык менен бажыдан чогулта албай калабыз деп айтып жатышат. Ушуга байланыштырып, дарыгерлердин айлыгын көтөрбөй коюу туура эмес. Менин сунушум – өкмөт азырынча ашыкча чыгымдарды токтото турса. Ал эми ден-соолугу эле эмес, өмүрүн тобокелге салып жаткан дарыгерлерден акча аябашыбыз керек», — деп айтты депутат.

Ал эми мигранттардын мекенине кайта албай жатканын депутат – өкмөттүн чабалдыгы деп билдирди.

 «Мигранттар мамлекеттен 1 сом сураган жок. Чартердик учактын билеттерин мигранттар өздөрү төлөп жатышат. Биз мигранттар менен сүйлөшкөндө аларды алып келүүчү авиа компания даяр экен. Өкмөт эмнеге аларды өлкөгө кирүүгө тыюу салып жатат, азырынча белгисиз. Бул боюнча өкмөткө кайрылганда жарытылуу жооп ала алган жокпуз. Бул маселени эртең 15-апрелде  боло турчу жыйында дагы көтөрөбүз», — деп кошумчалады депутат.

Андан сырткары, депутат антимонополиянын аткарган иштерин канааттандырарлык эмес деп сынга алды.

Тэги: Исхак Пирматов Депутат Маек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу